Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №12

Айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалардын кызмат көрсөтүү акыларынын сарпталышы жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүлөрүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылга техникалардан чогулган акча каражаттарынын сарпталышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу үчүн комиссия курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:

К.Уметов- айыл өкмөт башчы;

Б.Мусалиев- депутат;

К.Иманкулов-депутат;

М.Өмүрзаков- депутат;

К.Кадыров- жаштар кеңешинин мүчөсү;

2.  Токтомду аткаруу жагын камсыз кылуу башчы К.Уметовго жана айыл чарба жетектөөчү адиси Ж.Үшүмбаевге  милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева