Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №12

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келип түшкөн Бишкек шаарынын тургуну С.А.Беликовдун арызы жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун жана жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрайымы Жаркын Акматалиеванын билдирүүлөрүн  угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн наамына келип түшкөн Бишкек шаарынын тургуну С.А.Беликовдун туристтик лагерь ачуу үчүн Таш-Рабат  өрөөнүнөн убактылуу пайдалануу үчүн жер берилсин.

2. Жайыт комитети менен биргеликте  өз шарттарын коюу менен 3 (үч) жылга келишим түзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы жайыт комитетинин башчысы Б.Усеновго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева