Редакцияот 28.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2015-жылдын 28-апрели №14

Күн тартиби: Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди трансформация кылуу жөнүндө

Угулду: Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовд ун сунушунун негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Шоргоо» участкасындагы №1121 контурдун ичинен 0.15га жер аянты Кара-Суу айылынын тургуну Муратбек кызы Гүлшанага,  Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Таш-Рабат» өрөөнүндөгү  «Сары- Кокту» участкасынан  №37 контурунун ичинен 0.05га жер аянты Кара-Суу айылынынтургуну Асанова Розага,  Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Таш-Рабат» өрөөнүндөгү  «Шейит» участкасынан  №43 контурунун ичинен 0.10га жер аянты Кара-Суу айылынын тургуну Токтокожоева  Жыргалбүбүгө, Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Төш» участкасындагы №3427  контурунун  ичинен 0.05га жер аянты Кара-Суу айылынын тургуну М. Самтыровго, Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Ак-Тал» участкасындагы №160 контурунун ичинен 0.05га жер аянты Кара-Суу айылынын тургуну Кылычбек кызы Ажарга  КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын негизинде бекитилген Жобонун негизинде жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июлундагы № 156-б буйругуна ылайык жерлерди бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиянын 12-март 2015-жылдагы № 6/1 Протоколунун негизинде  айыл чарба багытындагы жайыт жеринен курулуш алдындагы жерлер түрүнө которулсун.

2. Жогорудагы КРнын мыйзамдарына жана башка укуктук ченемдик актылардын талаптарынын негизинде бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына  сунушталсын.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева