КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2015-жылдын 26-майы №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2015-жылдагы 2016-2018-жылдардагы бюджеттин долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү № 103-б буйругунун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасын бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовдун билдирүүсүнүн негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2015-жылдагы 2016-2018-жылдардагы бюджеттин долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү №103-б буйругунун негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-2018-жылдарга карата болжолдуу проект сметасы тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдо көрсөтүлгөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2016-2018-жылдарга карата белгиленген смета райондук финансы бөлүмү менен биргеликте макулдашылсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |