КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2015-жылдын 26-майы №2
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жерлерди трансформация кылуу жөнүндө
Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовдун сунушунун негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Таш-Рабат» өрөөнүндөгү №35 -контурунун ичинен 0.05га жер аянты Кара-Суу айылынын тургуну Токтоназарова Бактыгүлгө КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын негизинде бекитилген Жобонун негизинде жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 26-июлундагы № 156-б буйругуна ылайык жерлерди бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиянын 12-март 2015-жылдагы № 6/1 протоколунун негизинде айыл чарба багытындагы жайыт жеринен курулуш алдындагы жер түрүнө которулсун.
2. Жогорудагы КРнын мыйзамдарына жана башка укуктук ченемдик актылардын талаптарынын негизинде бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына сунушталсын.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Акматалиева |