Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2015-жылдын 26-майы №3

КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25-март 2015-жылдагы № 08-546 катынын негизинде КРнын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештер айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыктары үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитенин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жылдын ичинде бир жолу жана үч эседен ашырбай көбөйтүү жөнүндө

     Аталган маселе боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Уметовдун сунушунун негизинде айылдык Кеңешинин 16-чакырылышынын төрайымы Ж.Акматалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын  Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 25-март 2015-жылдагы № 08-546 катынын негизинде КРнын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештер тарабынан айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыктары үчүн жер салыгынын базалык ставкасын көбөйтүүгө макулдук берилбесин.

2. Токтомду аткарууда салык ставкасынын мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк кылуу  жана аткарууну камыз кылуу жагы салык инспектору Н.Асанкожоевага жана айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Акматалиева