Редакцияот 20.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк Жаңгак шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 20-августу №23/1

Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2015-жылдын алты айда  аткарган жумушу жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэри Ж.Юсуповдун 2015-жылдын алты айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча  маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыш) кезектеги ХХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2015-жылдын алты айынын аралыгында аткарган жумушу боюнча шаардын мэри Ж.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.

2.Көк-Жаңгак  шаардык регионалдык казына жетекчиси (К.Джураева)  квартал сайын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралу маалыматты шаардык кенешке өз убагында берилсин.

3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Г.Садыковага) тапшырылсын.

4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Көк-Жаңгак шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Курбанов