Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу №13-7-2
Майлуу-Суу шаарынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жана ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө
Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекциясынын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери тууралуу Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри З.Б.Батырбекованын, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.А.Сүйүмбаевдин маалыматтарын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин, алымча кошумчаларын угуп жана талкуулап, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекциясынын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери тууралуу Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри З.Б.Батырбекованын, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.А.Сүйүмбаевдин маалыматтары эске алынсын.
2. Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекциясынын жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жана Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри З.Б.Батырбековага жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|