Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-августу №13-7-3
Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын 2015-ж.25.05 №11/1-3-361-15 сандуу Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы “Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кафе, магазиндердин иштөө убактысын жана спирттик ичимдиктерди сатуусун чектөө жөнүндө” №11-7-1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө каршылыгын кароо жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасынын 2015-ж.25.05 №11/1-3-361-15 саңдуу Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы “Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кафе, магазиндердин иштөө убактысын жана спирттик ичимдиктерди сатуусун чектөө жөнүндө” №11-7-1 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө каршылыгын карап жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.А. Сүйүмбаевдин маалыматын угуп, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.А. Сүйүмбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы “Майлуу-Суу шаарында жайгашкан кафе, магазиндердин иштөө убактысын жана спирттик ичимдиктерди сатуусун чектөө жөнүндө” №11-7-1 токтому күчүндө калтырылсын.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине (Д.Караева) жөнөтүлсүн.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жана Майлуу-Суу шаарынын биринчи вице-мэри З.К.Расуловго жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.К.Бакалаев
|