Редакцияот 27.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2015-жылдын 27-январы №13/1

Кара-Суу районунун прокуратурасынын 20-январь 2015-жылдагы мыйзам бузууну четтетүү жөнүндөгү 1-38-117-15 сандуу талапты кароо жөнүндө

Кара-Суу районунун прокуратурасынын 20-январь 2015-жылдагы мыйзам бузууну четтетүү жөнүндөгү 1-38-117-15 сандуу талапты кароо жөнүндө Жоош айылдык кеңешинин төрагасы К.Бердикуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз ХIII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү жобонун 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Жоош айылдык кеңешинин 2012-жылдын 31-майындагы № 21/4 сандуу токтомунун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Жоош айылдык кеңешинин аймагындагы Маданият айылына өзү жашаган көчөгө Жолдошов Апсаматтын аты берилсин деп кабыл алынган токтомдун 3-пункту жокко чыгарылсын.

2. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча жана социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Бердикулов