Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-5
Ар түрдүү маселелер Гайрат, Маданият жана Калинин айылынын тургундарынан түшкөн арыздарды кароо жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн Гайрат, Маданият, Калинин айылынын тургундарынын арыздарын талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көчөлөргө ат коюп берүү жөнүндө жазган Гайрат, Маданият, Калинин айылдарынын тургундарынын арыздарын кароо көчөлөргө ат коюуну токтотуу жөнүндөгү мораторий бүткөндүн кийин каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |