Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-7
Ар түрдүү маселелер Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн бюджетинин кээ бир статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн бюджетинин кээ бир статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга түзүлгөн бюджетинин кээ бир статьяларына бюджет боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде өзгөртүү киргизилсин:
- 70629 ЖКХ бөлүмүндө каралган 3112 статьясынан 2215 статьясына 80,0 миң сом акча каражаты которулсун;
- Жоош айыл өкмөтүнүн 2006-2010-жылдардагы бардык документтери архивге тапшырылсын жана акча каражатын кароо жагы ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т. Кадырбековага жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча а туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |