Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-8
Ар түрдүү маселелер КРнын Каржы министрлигинин 2015-жылдын 20-майындагы № 14-01-2/5506 катына ылайык 2016-2018-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган долбоорун бекитүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга карата бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн макулдашылган долбоору айыл өкмөтүндө жайгашкан бардык салык төлөөчү ишкана-мекемелердин тизмесин тактоо менен 2014-жылда, 2015-жылдын 4 айы ичинде төлөнгөн салыктар боюнча жүргүзүлгөн эсеп-кысаптардын негизинде жүргүзүлсүн.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн макулдашылган бөлүгүнүн долбоору төмөнкүдөй акча каражатынын эсебинде белгиленсин:
- 2016-жылдын долбоору – 16 690,9 миң сом
- 2017-жылдын долбоору – 17 190,9 миң сом
- 2018-жылдын долбоору – 17 390,9 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |