Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-10
Ар түрдүү маселелер “Береке” дыйкан чарбасынын жетекчиси Э.Рамановдун арызын кароо жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Н.Раманованын “Береке” дыйкан чарбасынын жетекчиси Э.Рамановдун берген арызы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы теплицанын күн батыш тарабындагы имараттар турган жердин айланасындагы жер аянты КРнын Жер кодексинин жана КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген мыйзамга ылайык сатылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча жана айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |