Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-11
Ар түрдүү маселелер “Абзел” ИСКАКБ жетекчиси депутат Т.Эргешовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин депутаты “Абзел” ИСКАКБ ишканасынын жетекчиси Т.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин депутаты “Абзел” ИСКАКБ ишканасынын жетекчиси Т.Эргешовдун билдирүүсү эске алынсын жана ичүүчү сууга төлөнүүчү тарифтерди көтөрүү үчүн калькуляция иштеп чыгуу жана бюджетин түзүп сунуштоо жагы тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |