Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 09-июну №15/4-12
Ар түрдүү маселелер: Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бөкөнбаев жана А.Сматов атындагы орто мектептеринин эски имараттарын бузуу жөнүндөгү билдирүүлөрдү кароо жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кошчу айылынын тургундарынын атынан Ж.Жоробаев жазган жана Калинин айылынын А.Сматов мектебинин директору У.Атабаеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги ХV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Кошчу айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы № 45 орто мектебинин имараты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн 20.09.2010-жылдагы № 246 корутундусунун негизинде авариялык абалда болгондугуна байланыштуу бузууга уруксат берилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Калинин айылындагы А.Сматов атындагы № 44 орто мектебинин имараты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн 23.04.2013-жылдагы № 77 корутундусунун негизинде мектеп авариялык абалда болгондугуна байланыштуу ордуна жаңы мектептин имараты курулуп жаткандыктан бузууга уруксат берилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бөкөнбаев, А.Сматов атындагы орто мектептердин бузулуп жаткан мектеп имараттарынан чыккан курулуш материалдарды кириштөө жана чыгыштоо боюнча атайын комиссия курамын түзүү Жоош айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Ал эми мектептерден чыккан курулуш материалдарынын финансалык жоопкерчилиги Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча а туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Бердикулов |