Загрузка документа…
А.АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Анаров айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 30-апрели №1
Алля Анаров айыл аймагындагы, айылды инвестициялоо Долборунун (ПСИ-3) үчүнчү этабынын конкурстук комиссиясынын отурумунун протоколун бекитип берүү жөнүндө
А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алля Анаров айыл аймагындагы, айылды инвестициялоо Долборунун (ПСИ-3) үчүнчү этабынын конкурстук комиссиясынын отурумунун протоколу бекитилсин.
2.Айыл аймагынын айылдарындагы көйгөйлүү маселелери айылды инвестициялоо Долборунун (ПСИ-3) үчүнчү этабынын конкурстук комиссиясынын протоколунун жыйынтыгы
1. Сасык-Ункур айылына спорт зал куруу
2. Араван айылында Араван сайга дыйкан чарба жерлерине суугат суу жеткирип берүү үчүн дамба куруу.
3. Кара-Булак айылына башталгыч класстар үчүн мектеп куру.
4. Жаңы-Араван айылынын жаңы конуштарына электр линиясын тартуу жана трансформатор орнотуу.
5. Аччы айылынын элдерине Ак-Бура каналынан суу алып келүү сунуштары бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго милдеттендирилсин.
А.Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Абдуллаев |