Загрузка документа…
А.АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Анаров айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2015-жылдын 30-апрели №2
Алля Анаров айыл аймагынын Ачы айылынын Марал-Кол участкасындагы №2195-жер контурундагы 3,0 га таштак жайыт жер аянты жеке ишкер М.Тешебаев жана башка ишкерлерге аки-таш бышыруучу цех куруп иштетүү үчүн убактылуу мөнөткө пайдаланууга берүү жана ижара акысын белгилөө жөнүндө
А.Анаров айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл аймагынын Ачы айылынын Марал-Кол участкасындагы №2195-жер контурундагы 3,0 га таштак жайыт жер аянты, жеке ишкер М.Тешебаев жана башка ишкерлерге аки-таш бышыруучу цех куруп иштетүү үчүн 10 жылга ижарага берилсин.
2. Бул ижарага берилген Ачы айылынын Марал-Кол участкасындагы №2195-жер контурундагы 3,0 га таштак жайыт жер аянтынын ижара акысы, бир сотигине жылдык 200 сомдон деп белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жана айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
А.Анаров айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Абдуллаев |