Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 21-апрели №2

Куйручук айылдык Кеңештин жана айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи бөлүмүнүн Конституциялык түзүлүштүн негиздеринин 10-беренесине ылайык депутаттардын Куйручук айылдык Кеңештин 33-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору, протоколдору жана башка иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.

     2. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн буйруктары, маалым каттары жана башка иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.

     3. Бул токтомдун аткарылышы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Куйручук айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

З.Баисов