КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 21-апрели №3
Куйручук айылынын калкынын ичуучу таза суу менен камсыз кылуу жана ага болгон бааларды бекитүү жөнүндө
Куйручук айылдык Кенешинин бюджет, салык финансы экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып жана Куйручук айыл окмотунун «Кокумбай Булак» ИСКАКБсинин төрагасы Д.Солтоевдин жана бухгалтери Ж.Бачеринованын билдируусун жана маалыматын угуп, талкуулап Куйручук айыл аймагынын кезексиз 33 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Куйручук айылынын ИСКАКБинин башчысы Д.Солтоев менен мурдагы бухгалтери К.Ботбаеванын 2013-2014-жылы жазалган жана аткарылган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2.Куйручук ИСКАКБсинин 2015-жылга бюджети 562 315 (беш жүз алтымыш эки мин уш жуз он беш) сом бекитилсин (тиркеме тиркелет);
3.Куйручук ИСКАКБсинин торагасына 4500,0 (төрт мин беш жүз) сом өлчөмүндөгү эмгек акы бекитилип берилсин;
4.Куйручук ИСКАКБсинин бухгалтерине 4000,0 (төрт мин) сом өлчөмүндөгү эмгек акы бекитилип берилсин;
5. Куйручук ИСКАКБсинин суу чорголорунун ондоочу операторуна 3500,0 (үч мин беш жүз) сом өлчөмүндөгү эмгек акы бекитилип берилсин;
6. Куйручук ИСКАКБсинин кароолчусуна 2500,0 (эки мин беш жүз) сом өлчөмүндөгү эмгек акы бекитилип берилсин;
7.Куйручук айылынын тургундарынын жан башына таза суу менен камсыз кылуунун баасы 20 сомдон бекитилсин;
8.Озунун менчик уйунун ичине суу киргизип алгандарга жан башына 30 сомдон бекитилсин;
9.Суу чоргосунан (колонка) шланга сайып ар кандай курулуш иштерине таза суу пайдаланса, огородун же бакчасын көп убакытка чейин сугарып сууну кароосуз калтырса 3 000-5 000 сомго өлчөмүндөгү айып пул белгиленсин жана тыйуу салынсын;
10.Озум билемдик кылып, суу түтүкчөлөрүн үйүнө уруксатсыз киргизип алгандарга 10 000 (он мин) сомго чейинки өлчөмүндөгү айып салынсын;
11.Озунун менчик уйуно таза суу чоргосун кийирген айыл жашоочуларына уруксат беру учун 7000 (жети мин) сом олчомундо бекитилсин;
12.Куйручук ИСКАКБси менен айыл тургундарынын ортосунда эки тараптуу келишим тузулсун;
13.Жогорудагы белгиленген айыптар боюнча мыйзам бузуулар болсо Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик комиссиясына билдирилсин.
14.Бул токтомду козомолго алуу жагы Куйручук ИСКАКБсинин төрагасы Д.Солтоевге тапшырылсын.
Куйручук айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З.Баисов |
"Кокумбай Булак" ИСКАКБсынын 2015 жылга карата бюджети. | |||||||||||||
Киреше болугу | Чыгаша болугу | ||||||||||||
№ | Мазмуну | суммам | Эскертуу | № | Мазмуну | Сумма | Эскертуу | ||||||
1 | 2014-жылдын калган калдык | 161 315 |
| 1 | Эмгек акы | 174 000 |
| ||||||
2 | "УСКУ"дон калган калдык | 113 000 |
| 2 | Соц.фонд - 17,25% | 30 015 |
| ||||||
3 | Элден чогулат - 588*20*12 айга | 141 120 |
| 3 | Сатуудан алган салык - 3% | 16 239 |
| ||||||
4 | Элден чогулат - 197*20*6 айга | 23 640 |
| 4 | Санэпидстанция (хлор) | 7 999 |
| ||||||
5 | Элден чогулат - 284*30*12 айга | 102 240 |
| 5 | Суу тутукторго тетиктер | 40 000 |
| ||||||
6 | Суу чыгаруу - 3*7000 | 21 000 |
| 6 | Эмерек сатып алуу | 55 000 |
| ||||||
|
|
|
| 7 | Командировкалык чыгымдар | 15 000 |
| ||||||
|
|
|
| 8 | Ар кандай чыгымдар (канц.тов.) | 13 000 |
| ||||||
|
|
|
| 9 | Кредиттерди толоо (ГФРЭ) | 41 369 |
| ||||||
|
|
|
| 10 | Суу топтолуучу жайларды, суу тутукчолорун ж.б. ондоого | 30 000 |
| ||||||
|
|
|
| 11 | Транспорттук чыгымдар | 19 545 |
| ||||||
|
|
|
| 12 | Н.у.Субанбек кочосуно колонка орнотуу | 49 574 |
| ||||||
|
|
|
| 13 | Г.Рысалиева кочосуно колонка орнотуу | 49 574 |
| ||||||
|
|
|
| 14 | ФАПка суу чыгаруу | 21 000 |
| ||||||
| БААРДЫГЫ: | 562 315 |
|
| БААРДЫГЫ: | 562 315 |
| ||||||
Эмгек акы: | |||||||||||||
Солтоев Д. | - 4500 с. | ||||||||||||
Бачеринова Ж. | - 4000 с. | ||||||||||||
Замирбек у.М. | - 3500 с. | ||||||||||||
Байсалов Ш. | - 2500 с. | ||||||||||||
Баардыгы: | 14500 | ||||||||||||
Инвалиддер: 34 кишиден сууга толом алынбайт. | |||||||||||||