Редакцияот 19.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

2015-жылдын 19-марты №6

Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык  Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кара-Кужур айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик – укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык,Кара-Кужур айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик -укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл   өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.

 

Кара-Жур айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

И.Алтымышов