Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
2015-жылдын 09-июлу №3
Жеке менчик малдарды жайлоого көчүрүлүшү жана корук иштеринин уюштурулушу, мал багуунун баасы боюнча жүргузүлүп жаткан иштери жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке менчик малдарды жайлоого көчүрүлүшү жана корук иштеринин уюштурулушу боюнча жүргузүлүп жаткан иштери эске алынсын.
. Ички жайыттарды эс алдыруу жана коргоо боюнча иш чараларды жүзогө ашыруу жайыт комитетинин төрагасы А.Кыдыкбаевге милдеттендирилсин.
. Көчүү-конуу күнүн белгилөө жана мал багуу акысы жалпы элдик талкуунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Талаа коругунун убагы 1-майдан 20-сентябрга чейин белгиленсин. -1-майдан баштап уй бадасы уюштурулсун
Малый кароосуз калтырып, чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын орду мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
Камакка түшкөн малдын айып суммасы бодо малга 100 сомдон, майда жандыкка (кой, эчкиге)20 сомдон өндүрүү белгиленсин.
-Камакка айдап келген малдын тийиштүү штрафы 50%, кароолчуга,50% айыл өкмөтүнө пайдал анылсын.
Жазгы жайлоого көчүү мөөнөтү 15-майдан 25-майга чейин чектелсин. Келүү мөөнөтү 25-сентябрьдан 30-сентябрга чейин чектелсин.
Жайлоого көчүүдө 25-майдан кечиккендерге жана 25-сентябрдан эрте келгендерге КРнын админстративдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык
көрсөткүчүнүн 15-20 өлчөмүндө админстративдик айып салынаары тууралуу "эскертилсин.
Мал багуунун эмгек акысы төмөндөгудой бекитилсин.
Орто аралыктагы жайыттарга.(Солтон-Сары жайлоосуна) 1баш уйга 1айга 200 (эки жүз) сом 1баш кой-эчкиге 1айга 40(кырк) сом
Ички жайыттагы мал багуучуларга 1баш уйга 1 айга 200 (эки жүз) сом 1баш кой-эчкиге 1айга 30(отуз)сом
Ал эми башка жактан келген малдарга жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1баш бодо малга жылына (уй,жылкы,топозго) 300 (үч жүз) сом
1баш майда жандыкка (кой эчкиге) 150 (жүз элүү) сом
Жайыт мыйзамдарына ылайык мал багууда малдын саны чектелсин,орто аралыктагы жайытка ар бир короого 700 (жети жүз),ички жайыттагы ар бир короого 500 (беш жүз) баштан ашык топтоого уруксаат берилбесин.
Айыл ичиндеги сарайларга мал алып калуунун саны 1 (бир) ат,2(эки) уйдан ашык мал калтырылбасын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,кагаки]'иг naryn-region. kgвеб — сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктукактыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстициябашкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл екмөтүнүнбашчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Кара-Жур айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И.Алтымышов |