Редакцияот 01.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кенешинин V чакырылышынын XVIII-сессиясы

 

2015-жылдын 01-апрели №18/1

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш ,Күн-Элек ,Гагарин айылдарындагы тургундарды жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш ,Күн-Элек ,Гагарин айылдарындагы тургундарды жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча  айыл башчылардын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,

Ленин айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду ,Мурдаш ,Күн-Элек ,Гагарин айылдарындагы тургундарды жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча  айыл башчылардын билдирүүлөрү эске алынсын.

2.Жайлоого көчүү мөөнөтү аба ырайына карап   15-майдан баштап көчүшсүн ,көчүп келүү мөөнөтү 10-сентябрдан  белгиленсин жана сырттан келген малдарды алыскы Алай жайлоосуна көчүп кетээрде алышсын , көчүп  келээри менен таркатылып берилсин, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү токтомдун аткарылышы айыл башчыларга милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго тапшырылсын.

 

Ленин айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Жоробеков