Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кенешинин V чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели №19/1

Коомчулукту өнүктүрүү жана  инвестициялоо агенствосунун “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо  V1P-KFW (ПСИ- 3)” долбоору менен иштөөгө Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айыл аймактарын денгээлин көтөрүү боюнча конкурстук комиссиясынын сунушун бекитүү жөнүндө

Коомчулукту өнүктүрүү жана  инвестициялоо агенствосунун “Коммуналдык инфраструктураны каржылоо  V1P-KFW (ПСИ- 3) долбоору менен иштөөгө Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айыл аймактарын денгээлин  көтөрүү боюнча конкурстук комиссиясынын төрагасы  Т.Кенешовдун билдирүүсүн  угуп  жана талкуулап ,

Ленин айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. АРИС бейөкмөт уюму ПСИ-3 ( айылдык инвестициялоо долбоору менен иштөөгө) Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында айыл аймактарын денгээлин көтөрүү боюнча конкурстук комиссиясынын төрагасы  Т.Кенешовдун билдирүүсү эске алынсын.

2.Ленин айыл өкмөтүнө караштуу  Согонду айылындагы №33 С.Жаанбаев атындагы орто мектебинин чатыры жана капиталдык ремонту  сунушталсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Исираиловго тапшырылсын.

 

Ленин айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Жоробеков