Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кенешинин V чакырылышынын XIX-сессиясы

 

2015-жылдын 29-апрели №19/2

МСКнын Алай району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын20-мартындагы №14-05-10/151 көрсөтмө катынын Ленин айыл өкмөтүндө аткарылышы жөнүндө

МСКнын Алай району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын20-мартындагы №14-05-10/151 көрсөтмө катынын Ленин айыл өкмөтүндө аткарылышы боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору И.Алимбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ленин айылдык Кенешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. МСКнын Алай району боюнча башкармалыгынын 2015-жылдын20-мартындагы №14-05-10/151 көрсөтмө каты жетекчиликке алынсын жана 2016-жылдын 1-январынан баштап айыл чарбасына арналган жерлердин кыртышын эсепке алуу менен базалык ставкасын 1эсеге чейин көбөйтүлсүн.

2.Ушул токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн улуу салык инспектору И.Алимбаевге тапшырылсын.

 

Ленин айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Жоробеков