Редакцияот 25.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2015-жылдын 25-февралы №23-6

Кызыл-Дөбө орто мектебинин  үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде алмашылган пласстик терезелери сапаты жөнүндө

Кара-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы  Кызыл-Дөбө орто мектебинин терезелерин үлүштүк  дем берүүчү гранттын негизинде  пласстик терезелерге алмаштыруунун сапаты боюнча , мектептин эмгек жамаатынын жыйынын протоколун, түзүлгөн жумушчу топтун корутундусун угуп жана талкуулап  Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин  терезелеринин сапаты, иштин жыйынтыгы Кочкор райондук мамлекеттик адмиистрациясы жана тиешелүү органдар тарабынан текшерилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы Т. И. Курткаевге милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

И.Курткаев