Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 08-июлу №25/2
2013-2014-жылдардагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык- Көл жана Нарын облусттук аймактык бөлүмүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык- Көл жана Нарын облусттук аймактык бөлүмүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи К. Темиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык- Көл жана Нарын облусттук аймактык бөлүмүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгында (предписаниесинде) көрсөтүлгөн кошар ээлеринен алынуучу айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 70,3 миң сом төлөнбөй калган салыктары чогултулуп айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө төгүлсүн
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык- Көл жана Нарын облусттук аймактык бөлүмүнүн текшерүүсүнүн жыйынтыгында (предписаниесинде) көрсөтүлгөн 2014-жыл үчүн ФПСтин жерин ижарага алуучулардан 14,1 миң сом социалдык фондго камсыздандыруу төлөмү үчүн чогултулуп төлөнсүн
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи К. Темиралиевге, аткаруу жагы киреше боюнча адистер Б. Сыдыковго, А. Сопубековага жана Н Мукановго тапшырылсын
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И.Курткаев
|