Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 08-июлу №25/3
Кара Суу айыл аймагыны айыл өкмөтүнө караштуу Мантыш айылына башталгыч мектеп ачуу жөнүндө
Мантыш айылына мектеп ачуу жөнүндө айыл тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баласын 1-4-класска Мантыш айылына жаңыдан ылайыкташтырылып ачыла турган мектепке окута турган ата-энелердин жазуу жүзүндө алып класс комплектисин түзүү жагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору Б. Байгазиевге тапшырылсын.
2. Керектүү кошумча штат бирдигин ачуу жана акча каражатын таап берүүгө макулдугун кат түрүндө Кара-Суу айылдык Кнешине берүү жагы Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн администрациялык имараты мурда администрациялык имаратка ылайыкташтырылгандыктан мектеп имаратына ылайыкташтыруу боюнча тиешелүү уруксаат документтерин райондук архитектура бөлүмүнөн жана Кочкор райондук мамлекеттик экотехинспекциясынан алуу жагы жана ремонт иштерине кеткен каражаттарды табуу жагы айыл өкмөтүнүн сметасында каражат жоктугуна байланыштуу балдардын окута турган ата –энелерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун жогорудагы пункттары аткарылгандан кийин айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Э. Жунушалиевдин жана аппарат кызматкерлеринин имаратты бошотуп берүүгө берген макулдугу кабыл алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мантыш айылынын депутаты Н. Шериповго тапшырылсын
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И.Курткаев
|