Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-апрели №56/9-3
Токмок шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде балдардын багылышына ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө
Токмок шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башкаруучусунун Токмок шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде балдардын багылышына ата-энелердин төлөмүн жогорулатуу жөнүндө өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде балдардын багылышына ата-энелердин төлөмүн жогорулатууга макулдук берилсин. 2. 2013-жылдын 1-майынан баштап Токмок шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде балдардын багылышына ата-энелердин төлөмү бир күнгө 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө орнотулсун.
2. 2013-жылдын 1-майынан баштап Токмок шаарынын мектепке чейинки мекемелеринде балдардын багылышына ата-энелердин төлөмү бир күнгө 70 (жетимиш) сом өлчөмүндө орнотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р.Таманбаев
|