Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы
2015-жылдын 04-июлу № 1
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 20-июндагы протоколун талкуулоо
Депутаттар Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын «Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан айылдык кеңештин 17-сессиясынын № 2 токтомунун аткарылышы жөнүндөгү» 2015-жылдын 20-июнундагы протоколун карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 17-сессиясынын № 2 токтомунда айыл өкмөтүнө карата тапшырылган тапшырмалар толук аткарылбагандыктан кезектеги сессияга чейин (октябрь айына) ал кемчилдиктерди жоюу, өз убагында четтетүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Насирдиновго милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук,тартипти чыңдоо,кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Жунусов |