Редакцияот 04.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

 

2015-жылдын 04-июлу № 15

Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжандын арызын кароо

Депутаттар Айыл чарба, агроөнөржайы, жерге жайгаштыруу жана кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комис- сиясынын төрагасы А.Тажибаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып,  Кашкар-Кыштак айылынын көпчүлүк аксакалдарынын кайрылуусун, анын ири өлчөмдө кредит алгандыгын (700 000 сом) эске алуу менен Кыргыз Республика- сынын «Жер кодексинин»29-беренесинин, «Мунициалдык менчикте турган жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү»  Типтүү жобонун талаптарына ылайык  Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Рахматуллаев Илхамжанга ижара келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жалпы негизде тоорукка катышуу укугу берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Айыл чарба, агроөнөр- жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жара- тылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов