Редакцияот 04.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

 

2015-жылдын 04-июлу № 19

Кашкар-Кыштак айылынын  Ленин көчөсүнүн жашоочуларынын арызын кароо

Депутаттар айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы М.Маматалиевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашкар-Кыштак айылынын Ленин көчөсүнүн тургундарынын «көчөгө кубаттуулугу күчтүү трансформатор коюп берүү жөнүндөгү арызы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлсүн.

2. Айыл өкмөтүнө - жогорудагы аталган арызды канааттандыруу максатында тиешелүү мекемелерге кайрылуу сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов