Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19- сентябры № 74/XIX-3
Кайыңды шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдын 3 кварталында киргизилген толуктоо жана өзгөрүүлөр жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын аткаруу максатында “ Кайынды шаарынын бюджетинин 2014 жылдын 3-кварталына бюджеттик насыяларды жылдырууга уруксат берүү жөнүндө” маалыматын угуп Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын сметасынын билдирүүсүнө жараша күтүлбөгөн чыгымдарды, маданий-социалдык жана башка иш чаралардын, бюджетте 2014 жылы каралбай жана бекитилбей калган, чыгашаларды жабуу үчүн 4 кварталдан 3 кварталга жылдыруу уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайынды шаардык кеңешинин бюджет туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кайыңды шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Б. Абдрасулов |