Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-3
Ноокат шаарынын аймагындагы көчөлөрдү асфальтоого акча каражатын болуштуруу жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XX сессиясынын отурумунун 2015-жылдын 27-февралындагы №XX-3 токтому менен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2015-жылга шаардык мэриясынын атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы К.Жакыпов, Тапвалдыев, көчөлөрүн, Таштак кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн (Ленин, Эргешов, С.Алимбаев) жолдорун өздүк салым менен асфальттоого 3000,0 сом ажыратылган акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү №1 тиркемесинин негизинде Ноокат шаар кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Жакыпов атындагы көчөсүнүн асфальттоо үчүн (900 метр)-1 514 687 сом;
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы Тапвалдиев атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн (444 метр)-767 124 сом;
3.Таштак кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн (Ленин, Эргешов, С.Алимбаев) көчөлөрүн асфальттоо үчүн-648 630 сом;
Бардыгы болуп 2 930 441 (эки миллион тогуз жуз отуз миң торт жуз кырк бир) сом;
4.Жогорудагы аткарыла турган жумуштарга смета даярдап бергени үчүн 29 304 сом ажыратылып берилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|