Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-4
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат районунун Шанкол айылынын Сулайманов атындагы көчөсүнүн №15 үйүнүн тургуну Зайиров Мансур Өмүрзаковичке тиешелүү болгон Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү жайгашкан өзүнүн жеке менчигиндеги 143,34 чарчы метр жеке менчик жер аянтына эки кабаттуу дүкөн курууга макулдук берилсин.
2.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|