Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-5
Ноокат шаардык кенешинин (IV-чакырылыш) XXII сессиясынын отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон жеке менчик турак-жайларына тиешелүү жер тилкесинин аянтынын ичинен белгилүү аянтына багытын өзгөртүү киргизип берүүнү суранып жазган билдирүү катынын, Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылыш) XXII сессиясынын отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомунда багытына өзгөртүү киргизүү каралган жер аянттары туура эмес көрсөтүлүп калгандыктан, токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык кеңешинин (IV-чакырылыш) XXII сессиясынын отурумунун 2015-жылдын 20-майындагы №XXII-5 токтомуна жана Ноокат шаардык кенешинин (IV-чакырылыш) XXIII сессиясынын отурумунун 2015-жылдын 16-июнундагы №XXIII-3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Ноокат шаарынын Жамий атындагы көчөсүнүн №32 үйүнүн тургуну Закиржанов Азимжанга тиешелүү болгон жеке менчик 600,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 22 чарчы метринин багыты техникалык кызмат көрсөтүү жана 16 чарчы метринин багыты коммерциялык соода-сатык дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
3.Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы, Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|