Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-6
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан 6 айдын жыйынтыгында үнөмдөлүп калган акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан 6 айдын жыйынтыгында үнөмдөлүп, иштетилбей калган акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдыруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан 6 айдын жыйынтыгында үнөм болгон 706 бөлүмдүн 3111 беренесинен 1 694 943 сом акча каражатын зарыл болгон төмөндөгү чыгымдарга ажыратылып берилсин:
-2215-Ноокат шаарына караштуу бардык билим берүү мекемелериндеги, шаар мэриясынын имаратындагы КТПларды техникалык лабораториядан өткөрүү үчүн-110,0 миң сом;
-2222-Ноокат шаарына караштуу Н. Исанов атындагы эс алуу паркын көрктөндүрүүгө алып келинген көчөттөр үчүн-72,6 миң сом;
-3112-Ноокат шаар мэриясынын ашканасына эмеректерди сатып алуу үчүн-100,0 миң сом;
-2221-”Балапан” балдар бакчасына (Балдарды коргоо уюмунун жардамы менен) жазылып жаткан долбоорго өздүк салым үчүн-70,0 миң сом;
-2222-Ноокат соода базарынын Сары-Алтын универмагы жана Борбордук айлампанын аралыгындагы жолдорун бойлогон арыктарды (латокторду) оңдоп түзөө үчүн-30,0 миң сом;
-2222-Барын кварталындагы А.Бадалов көчөсүндөгү асфальт жолдорун бойлогон арыктарды (латокторду) оңдоп түзөө үчүн-30,0 миң сом;
-2215-”Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги акционердик коомунун көрнөк жасалгалоо иштерин жасатуу үчүн-150,0 миң сом;
-2721-Ноокат шаарында жашаган кургак учук жана башка ооруулар менен ооруган жарандарды колдоо үчүн-45,0 миң сом;
-2222-Ноокат шаарына караштуу Н.Исанов атындагы эс алуу паркында жайгашкан Улуу-Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган өчпөс оттун айланасын тазалап, сырдоого даярдоо үчүн жана сырдоого, парктын ичиндеги отургучтарды, бееедкаларды жана аларга керектелүүчү эмеректерды сатып алуу үчүн-22,7 миң сом;
-2222-Ноокат шаарынын аймагындагы №1 Жаштык көчөсүнө шагал төгүүп, оңдоо үчүн-50,0 миң сом;
-3111-Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектептин сырткы дубалын тунуке менен каптоо үчүн-100,0 миң сом;
-2215-Ноокат шаар мэриясынын имаратын жылытуучу отканасынын курулушун көзөмөлдөөчү тех.надзор үчүн-12,3 миң сом;
-2218-№3 “Балапан” балдар бакчасына жаңы группа ачуу үчүн-60,0 миң сом;
-3112-Ноокат шаарынын аймагындагы Партсьезд көчөсүнө 400 КВТ КТП сатып алуу үчүн мэрия тарабынан наркынан 50%тин төлөөгө-80,0 миң сом;
-2215-Ноокат шаарынын аймагында Ноокат райондук шаар куруу башкармалыгы тарабынан аталган обьекттерге даярдалган АПШ, ИПШны алуу үчүн-230 386 сом;
-3112-Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебине коюлган трансформаторго мамыча (столба) сатып алуу жана орнотуу үчүн-12.0 миң сом;
-2222-Таштак кварталына электр чубалгыларын жанылоо үчүн-30,0 миң сом;
-2222-Жаш-Куч спорт мектебине электр чубалгыларын ондоо үчүн-10,0 миң сом;
Бардыгы:- 1 196 760 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|