Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-7
Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирлүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу максатында Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүү жагын убактылуу калтыруу жөнүндө
Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирдүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу максатында Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-министри В.Дильдин, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын каттарынын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине экономиканын тармактарын жана калкты тейлөөдө Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү 16 батирлүү 3 даана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринде ички жылуулук өткөрүүчү системалардын жоктугуна байланыштуу Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси ишканасына өткөрүп берүү жагы убактылуу калтырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|