Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-8
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасын №2-жылытуучу от казанын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына кайтарып алуу жөнүндө
Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан, Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №2 отказанын, Ноокат шаарынын аймагындагы А. Абдубаитов атындагы орто мектебинин мугалимдеринин эмгек жамаатынын 2015-жылдын 25-июнундагы жалпы чогулушунун жыйынынын №2 протоколун жана ал от казандарды шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансасына каржылоого алуу жөнүндөгү жазган Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин катынын, Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин аймагында жайгашкан, Оштогу райондор аралык өндүрүштүк жылуулук менен камсыздоо бирикмеси мамлекеттик ишканасынын №2 отказаны Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүлүп алынсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүлгөн от казанынын 2015-2016 жылдарга күз- кыш мезгилине даярдык көрүү, керектүү көмүр менен камсыздоо, оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|