Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-9
Ноокат шаарынын аймагындагы ички автомобиль жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду орнотуу жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы ички жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында (маршруттук каттамдардан түшкөн каражаттын эсебинен) Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду орнотуу жөнүндөгү жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңеши отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы ички автомобиль жолдорундагы авто тыгындарды азайтуу максатында Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын тегерегине, Кызыл-Кыя, Ош жана Мирмахмудов атындагы көчөлөрүнө атайын чектөөчү тосмолорду сатып алууга Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинен үнөмдөлүп калган акча каражаттын эсебинен 439 672 сом жана ташып келип орнотууга 52 328 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү мекеме-ишканалар архитектура, ДЕП-37, МАИ жана башка уюмдар менен иш-чараны аткаруу жагы макулдашылсын.
3. Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментине аткаруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|