Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июлу № XXIV-10
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылытуу от казандарын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына алгандыгына байланыштуу, Ноокат шаар мэриясынын 2015-жылда жергиликтүү бюджетинда каралган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылытуу үчүн отказандарын шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин балансына алгандыгына байланыштуу каржылоого 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинде пландаштырылган 1 320 300 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин жана Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин имаратын жылытуу өнөктүгүндө каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каралган 2233 статьядагы 1 320 300 сом акча каражатынын эсебинен:
-2224-А.Абдуваитов атындагы орто мектебине көмүр сатып алуу үчүн 500 000 сом;
-3111-А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин 2-этаж, 3-этаж жылуулук системасын ремонттоо үчүн 377 000 сом;
-3111-Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы жолдорду асфальттоо үчүн 438 900 сом;
-2215-Ленин көчөсүндөгү жолдорду асфальттоо үчүн сметасын даярдоого 4 400 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешининбюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|