Редакцияот 19.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жан-Булак айылдык Кеңешинин чакырылышынын сессиясы

 

2015-жылдын 19-январы № 2

Жан Булак айыл өкмөтүнүн 2014 жылдагы бюджетин аткарылышы, жана 2015 — жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү, «Ала  Мышык» тоо кен байлыгын изилдөө жөнүндө, Салык кодексине жер салыгын баасын көтөрүү боюнча, Ар кандай айыл ичиндеги маселелер

Угулду:  Биринчи  маселе  боюнча   айыл  өкмөтүнүн   башкы  бухгалтери  Ж.  Эсенканова   билдирүү   берди.

Экинчи  маселе  боюнча  Кытай  мамлекеттик  « Жан »  компаниясынын   жетекчиси  ЧЖан Жэнцинь    жана   котормочусу     Кундузов Усөнбек    билдирүү берди

Yчүнчү  маселе  боюнча  сөз  Нарын  райондук  салык  инспекцичсынын   начальнигинин  орун  басары  Султаналиев  Абастын  билдирүүсү

Төртүнчү  маселе боюнча Акунов  Раис  билдирүү берди

Жогорудагыларды карап чыгып талкуулап Жан-Булак айылдждык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жан-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы  канаттандыраарлык деп табылсын.

2. 2015-жылга карата айыл өкмөтүнүн  киреше жана чыгаша  бөлүктөрүнүн  акча  каражаттарынын  көлөмдөрү бекитилсин

3. «Ала-Мышык» Тоо кенин изилдөөнү элдик жыйынга алынып чыгып элдин макулдугу менен чечилсин.

4. Үлүш жердин базалык ставкасы бир жылда үч жолу көтөрүлүүсү боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

5. Айылды көрктөндүрүү жашылдандыруу көчөлөрдү ирээтке келтирүү, мусорлорду чыцгарууга карата айыл өкмөт эки айлык иш чаралар планы жактырылсын.

6. Иманалиев Салмакеге «Ынтымак» көчөсүнүн атын берүү кийинки сессияда каралсын.

7. Айыл өкмөтүнүн балансында турган экскаватордун баасы жана кызмат кылуусун көзөмөлдөө депутаттардын экономика жана бюджет туруктуу комиссиясынын кароосуна сунушталсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары жана айылдык кенешинин орун басары  К. Атыровага тапшырылсын

 

Жан-Булак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Акунов