Редакцияот 09.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2015-жылдын 09-апрели № 5

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасын бекитүү жөнүндө

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо Программасы боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарды аймактарын кенейтүү жана калктуу конуш түзүү, 2015-2017-жылдарга айыл жерлеринде жарандарды жер участоктору менен камсыздоо боюнча  Программасы бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

 

Чаек айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

А. Бодонбеков