Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV сессиясы
2014-жылдын 28-февралы № 15/1
2014-жылдын бюджеттин бекитүү жөнүндө
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XV кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнө 2013-жылга карата киреше чыгашанын аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын;
2. 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу категориалдык, тендештирилген гранттардан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
КИРЕШЕ:
Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык-1962,5
Теңдештирилген грант-4 276,6
Баары: - 6 239,1
ЧЫГАША:
Башкаруу аппаратына - 2 245,6
Маданият тармагына – 342.4
Баары: - 2 595,8
3. Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмүндө акча каражаты түшүп, тиешелүү статьяларга Кыргыз Республикасын Финансы Министрлигинин 10/1-2007-жыл № 09-11/229 буйругунун негизинде берилсин;
4. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлеринин айлык акысы 14-айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк жүргүзүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: Осмонсадык уулу Төлөнбекке тапшырылсын;
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Дөөткулов |