Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 24-апрели № 16/1
Айыл аймагында жаз, жай, күз айларында ички тартип эрежелерин сактоо жөнүндө
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ички жайытка мал көчүү 1-майга чейин, алыскы жайытка көчүү 30-майга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин.
2. Ак-Муз айылында 2014-жылдын 1-майынан баштап бада уюштурулсун. Бадага субай уй алып калууга тыюу салынсын;
3. Ички жайыттагы сарай ээлерине 2-ат,1-5 чейин саан уй, 10 кой-эчки мал алып калууга уруксат берилсин;
4. Айыл тургундары үй-тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калган, жайыттырга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөтүн сактабаган малчыларга жана бада кайтаруу тартибин бузкан жарандарга, айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пункттарына жана Кыргыз Республикасынын административтик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 17-беренесиин 185-186-193-статьяларына ылайык жоопко тартылаары эскертилсин;
5. Бада кайтаруу тартибин бузуу менен малын кароосуз калтырып дыйкандардын үлүш жерлерине жана айдоо аянттарына зыян келтирсе, келтирилген зыян мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин;
6. Дыйкандардын үлүшг жерине корук уюштурулсун, корукка түшкөн 1-баш бодо малга 100 сом өлчөмүндө айып салынсын;
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Капатовго тапшырылсын;
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Дөөткулов |