Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2014-жылдын 29-августу № 21/3
Ак-Муз айыл аймагындагы муниципалдык менчик жерлерден там салууга бөлүп берүү жөнүндө
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн 25. 06. 2004-жылдагы № 21/ 1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
-Пилорамманын жанынан 4215 чарчы метр жер аянтынын 1400 чарчы метри жер аянты пилораммага калтырылсын, калган 2815 чарчы метр жери айыл тургундарына турак жай салуу үчүн берилсин; -Клубдун орду жанынан 12620 чарчы метр жер аянтынын 9033 чарчы метр жер аянты айылдык маданият үйүнө калтырылсын, калган 3587 чарчы метр жер аянты айыл тургундарына турак жай салуу үчүн берилсин; -Мончонун орду жанынан 2357 чарчы жер аянты айыл тургундарына турак жай салуу үчүн берилсин; -Гараждын орду жанынан 22230 чарчы метр жер аянтынан 1500 чарчы метр жер аянты токарный станокко калтырылсын, калган 20730 чарчы метр жер аянты айыл тургундарына турак жай салуу үчүн берилсин;
2. Жер аянттарынын укуктук документтери менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын;
3. Турак-жайга айыл өкмөтү тарабынан убагында чыгарылган буйрук, токтом, чечимдердин көчүрмөлөрү тиркелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы: А. Капатовго тапшырылсын;
Ак-Муз айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Дөөткулов |