Редакцияот 22.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үгүт айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясы

 

2015-жылдын 22-июну № XIV

Үгүт айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Үгүт айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесине ылайык, Үгүт айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үгүт айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ак- Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үгүт айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Орозобековага милдеттендирилсин.

 

Үгүт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Эгембердиев