Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 4
Ички чарбалык маселелер жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза сууга төлөнүүчү төлөм жан башына 10 (он) сомдон болуп бекитилсин.
Үйүнүн ичинен суу чыгаргандар жылына 1000 (бир мин) сомдон төлөшсүн.
Короосуна суу чыгаргандар айына 500 (беш жүз) сомдон төлөшсүн.
Сууну үч айлык мөөнөттө үйүнүн ичине киргизбесе суу түтүктөрү кыркылсын.
2. Жазгы айдап себүүгө карата кызмат көрсөтүү төмөндөгүдөй бекитилсин.
Айдоо 800 сом
Тырмоо 300 сом
Себүү 300 сом
Шакап тартуу 50 сом
3. Малчылар 2013-жылдын 1-майынан баштап ички жайытка көчүрүлсүн,1-июндан баштап ортонку жайыттарга көчүрүлсүн.
4. Корук мезгилинде айдоого мал түшсө бодо башына 100 (жүз) сом,кой-эчкиге 5 (беш) сомдон айып төлөнсүн.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|