Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 6
«Эмгекчил-Келечеги» бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча бала бакча башчысы Т.Жаныбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Эмгекчил-Келечеги» бала бакчасына 25 орундуу кошумча тайпа 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап ачылсын.
2. Жаны ачылган тайпаны заманбап эмеректер менен камсыз кылуу, тарбиячынын ,жардамчы тарбиячынын эмгек акысын чечүү Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өскөнбаевге милдеттендирилсин.
3. Жаны тайпага тиешелүү суроо талаптарды тиешелүү органдарга маселе коюп чечүү,тайпанын окуу класстарын талапка ылайык ремонт кылуу жагы бала бакчанын башчысы Т.Жаныбаевага милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|