Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-декабры № 2
Эмгекчил айыл аймагындагы үлүш жерлерди кайрадан трансформациялоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча жер адиси Н.Максымбаев төмөндөгүлөрдү билдирди:
Эмгекчил айылында суунун тартыштыгынан пайдаланылбай калган кайрак эсебиндеги үлүш жерлер 2001-жылы жайытка которулуп кеткендигин белгилеп,ушул үлүш жерлерди кайрадан чөп чабындыга которуп берүүнү сурап айыл тургундары кайрылышууда.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айылынын тургундарынын кайрак эсебиндеги үлүш жерлерин кайрадан чөп чабындыга которуп берүү (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» 3,7,8,9,12-беренесине ылайык жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Н.Максымбаевге милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|